1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

“Ч.Айтматов — кылым адамы” аттуу адабий акыл таймашы

2025-жылдын 12-декабрында улуу жазуучу, Кыргыз эл баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Экономика жана укук колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын

1-курсунун студенттери арасында “Ч.Айтматов — кылым адамы” аталышында адабий акыл таймашы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — жаш муунга Айтматовдун чыгармаларын таанытуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана китеп окууга болгон кызыгууну арттыруу болду.

Акыл таймашка катышкан тайпалар:

- УТк-2-25

- УТк-7-25

- УТк-8-25

- СРк-2-25

Таймаштын жыйынтыгында мыкты тайпалар 1-, 2-, 3- даражадагы дипломдор менен сыйланышты, ал эми активдүүлүк көрсөткөн студенттерге ардак грамоталар тапшырылды.

Калыстар тобу:

- Төрайым: А.А. Ташматова – ЭУКтун директору

- Мүчөлөрү: Г.С. Мамырасулова, Ж.А. Орозова, А.А. Мамашева

Иш-чараны уюштуруучу:

Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу М.С. Базарбаева

Бул таймаш студенттердин чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өстүрүп, Айтматовдун адамзатка калтырган мурасын кайрадан баалоого жол ачты.