ФИНАНСЫЛЫК ЖАНА ПЕНСИЯЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ТРЕНИНГ

Б.Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжинде "Кыргызстан" топтолмо пенсиялык фондунун 30 жылдыгына байланыштуу э.и.д.,профессор А.Б.Карбекованын жетектөөсү менен тренинг уюштурулду.
Тренингди Бишкек шаарындагы “Кыргызстан ”топтолмо пенсиялык фондунун жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, каржы сабаттулук боюнча тренер Молдокулова Башарат Жолдошовна өттү. Тренингдин темасы “ Финансылык жана пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу". Тренинг учурунда тренер финансылык сабаттулуктун негиздери, максатка жетүү жолдору, бюджетти туура түзүү, киреше чыгаша түрлөрү, карыздан чыгуу жолдору, кредиттин түрлөрү, пенсияга туура даярдануу ж.б. темаларда сөз сүйлөдү . Колледждин окутуучулары жана студенттери тренинге активдүү катышты. Семинардын жыйынтыгында студенттер финансылык сабаттуулугун жогорулатуу заарыл экенин түшүнүштү. Тренер Башарат Жолдошовнага студенттер жана окутуучулар ыраазычылык билдиришти.