1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

95

Физикадагы теориялык түшүнүктөрдү тажрыйба аркылуу үйрөнүү

Экономика жана укук колледжинин ЖББ ПЦКсынын физика окутуучусу Барпиева Г.М. «Суюктуктар жана беттик тартылуу» темасында ачык саат өттү.

Ачык саатка колледждин директору А.А.Ташматова,окутуучулар жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Уметов Т.Э. катышты.

Максаты – студенттерди физиканын негизги түшүнүктөрү менен тааныштыруу, күнүмдүк турмуштагы көрүнүштөрдү илимий негизде түшүндүрүү жана кызыгуусун арттыруу.

Ар кандай тажрыйбалар көрсөтүлүп,сабак интерактивдүү усул менен өтүлдү. Физикалык кубулуштардын күнүмдүк жашоодогу колдонулушу (техникада, медицинада, өндүрүштө) мисалдар менен түшүндүрүлдү.

Ачык саат студенттердин кызыгуусун арттырып, физикадагы теориялык түшүнүктөрдү тажрыйба аркылуу көрүп-билүүгө мүмкүнчүлүк алышты.Окутуучулардын берген анализи боюнча сабак максатына жетти,жакшы деп бааланды.