1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

Адам укуктарын коргоо күнүнө арналган конок лекция

Экономика жана укук колледжинин Укук таануу адистигинин студенттерине 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө карата Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын инженер-кадрлар бөлүмүнүн башчысы Абдукадырова Нурзарита Токтомаматовна келип, лекция өттү.

Лекциянын жүрүшүндө Нурзарита Токтомаматовна студенттерге адам укуктарынын келип чыгышы, алардын негизги түрлөрү, Конституцияда жана башка мыйзамдарда белгиленген укуктардын корголушу тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле жаштарга укуктук маданиятты жогорулатуу, мыйзамдарды туура колдонуу жана жаран катары милдеттерди аткаруунун мааниси боюнча практикалык мисалдар менен түшүндүрмө жасады.

Студенттер активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистен кеңири жооп алышты. Иш-чаранын соңунда колледж жамааты Нурзарита Токтомаматовнага пайдалуу лекциясы жана студенттер менен болгон ачык баарлашуусу үчүн терең ыраазычылык билдиришти.