1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

Окутуучуларга методикалык колдоо,мастер класстар өткөрүлүп,алган билимдерин практикада пайдаланып сабактарды өтүүдө

Аскерге чейинки даярдык: АК-74 чачып-чогултуу машыгуусу

2025-жылдын 8-декабрынан 10-декабрына чейин Экономика жана укук колледжинде Аскерге чейинки даярдык сабагынын алкагында практикалык машыгуулар өткөрүлдү.

Сабактарды аскерге чейинки даярдык боюнча окутуучу Жыргалбек Алымжан уулу жана Усубалы уулу Нурсултан алып барды. Машыгууга төмөнкү тайпалар активдүү катышты:

- УТк-3-25, УТк-4-25, УТк-6-25 (Укук таануу),

- ССк-3-25 (Салык салуу),

- БЭк-2-25 (Экономика жана бухгалтердик эсеп).

Машыгуу төмөнкү темаларды камтыды:

• Калашников автоматы, Макаров тапанчасы, РГД-5 жана Ф-1 гранаталарынын материалдык бөлүктөрү;

• АК-74 жана Макаров тапанчасына тиешелүү тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөр;

• Куралдарды чачып-чогултуу эрежелери боюнча практикалык көнүгүүлөр.

Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттердин техникалык билимдерин чыңдоо жана аскердик тартипте машыгуу көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.