1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Социалдык иш адистигинин студенттери өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү аякташты

Экономика жана укук колледжинде социалдык иш адистигинде 3-курсунун студенттери 2025–2026-окуу жылында өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү жыйынтыкташты.

Практика шаардык жана райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында, Манас шаардык социалдык фонд башкармалыгында, КРнын Улуттук Кызыл-Ай Коомунун Жалал-Абад областык филиалында жана Көк –Жаңгак шаардык мэриясында өткөрүлүп, студенттерге өз кесибинин өзгөчөлүктөрүн реалдуу шартта үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Практиканын жүрүшүндө студенттер:

• жарандарга социалдык колдоо көрсөтүүгө катышты;

• муктаж үй-бүлөлөр менен иш алып барышты;

• социалдык документтерди жана отчетторду даярдоону өздөштүрүштү;

• адистердин жетекчилиги астында консультативдик кызмат көрсөтүүгө катышты;

• социалдык багыттагы иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөтүштү.

Мындан сырткары, практиканын жетекчилери студенттерге тынымсыз методикалык жардам көрсөтүп, отчетко керектүү материалдарды топтоого, күндөлүк жазууну туура уюштурууга жана практикалык тапшырмаларды так аткарууга активдүү көмөктөшүштү. Бул студенттердин кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту.

Мекемелер студенттердин жоопкерчиликтүүлүгүн, активдүүлүгүн жана адистикке болгон кызыгуусун жогору баалашып, кесиптик өсүүсүнө жакшы баа беришти.

Экономика жана укук колледжинин жетекчилиги практика өтүүгө шарт түзүп берген башкармалыктарга ыраазычылык билдирет.