1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Экономика жана укук колледжинде иш берүүчүлөр менен жолугушуу

Экономика жана укук колледжинде иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлүп, ага колледждин директору А.А. Ташматова, Укук таануу адистигинин окутуучулары жана стейкхолдерлер катышты.

Жолугушуунун максаты:

Укук таануу адистигинин студенттерине кесиптик компетенцияларды калыптандырууда стейкхолдерлердин ролун талкуулоо жана иш берүүчүлөр менен тыгыз өз ара кызматташтыкты камсыз кылуу.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, практика жана келечектеги жумуш берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуулар жүргүзүлдү. Стейкхолдерлер менен пикир алмашуу студенттердин билим берүү процессин практикалык муктаждыктарга шайкеш кылууга жана келечектеги кесиптик багытын тактоого өбөлгө түздү.