1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Социалдык иш адистигинин 3-курс студенттерине өндүрүштүк практикада жумуш ордунда окутуу уюштурулду

Социалдык иш адистигинин 3-курсунун студенттери үчүн өндүрүштүк практиканын алкагында практика жетекчиси А.А. Ташматова тарабынан КРнын Улуттук Кызыл-Ай коомунда жумуш ордунда окутуу ийгиликтүү уюштурулду. Практиканын максаты — студенттерди чыныгы иш процессине аралаштырып, аларга практикалык көндүмдөрдү бекемдетүү жана социалдык кызмат көрсөтүүнүн негизги принциптерин терең үйрөтүү болуп саналат.

Окутуунун жүрүшүндө студенттер төмөнкү багыттар боюнча тажрыйба топтошту:

• социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштурулушу;

• калк менен иштөөдө коммуникациялык жана кесиптик этика талаптары;

• документ жүргүзүү жана социалдык иштерди пландаштыруу;

• оор турмуштук кырдаалда турган жарандарга жардам көрсөтүү механизмдери.

Практика студенттерге теориялык билимин реалдуу иш шартында колдонууга, кесиптик компетенцияларын өстүрүүгө жана социалдык иш адистигине болгон кызыгуусун арттырууга шарт түздү.