1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

134

Колледж студенттеринин өндүрүштүк практикасы ийгиликтүү жүрүүдө

Экономика жана укук колледжинин Экономика жана бухгалтердик эсеп, каржы, салык салуу жана социалдык иш адистиктеринин 3-курсунун студенттери окуу процессини графигине ылайыктуу учурда 6-октябрдан бери Манас шаарындагы мекеме-ишканаларда өндүрүштүк практикасын ийгиликтүү өткөрүп жатышат. Колледждин өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А. Айылчиева  шаардагы ишканаларга барып, практиканттардын ишине байкоо жүргүзүп, өндүрүш жетекчилери менен пикир алмашууда. Ошол эле учурда райондорго чыккан студенттерге онлайн байланыш аркылуу колдоо көрсөтүлүүдө. Бул практика студенттерге теориялык билимдерди чыныгы өндүрүштө колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп, кесиптик көндүмдөрдү өстүрүүгө чоң салым кошууда. Өндүрүштүк практиканын жүрүшүнө Манас шаарынын мекеме ишканалары  келечектеги кадрларды даярдоодо активдүү катышууда.