1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

ЖАМУнун окутуучусу А.А. Ташматова ОШМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин тренери

Экономика жана укук колледжинин директору, социалдык иш ПЦКсынын окутуучусу А.А. Ташматова ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери үчүн «Жакырчылык жана миграциялык кризистер шартындагы социалдык иш» аттуу практикалык мастер-класс өткөрдү. Иш-чара социалдык иштер тармагында билим алып жаткан студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталды.

Мастер-класстын максаты – жакырчылык жана миграциялык процесстердин үй-бүлөлөргө тийгизген татаал таасирин анализдеп, кризистик абалда турган жарандарга комплекстүү социалдык жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын үйрөтүү болду.

Мастер-класстын мазмуну

I. Киришүү жана көйгөйдү аныктоо

Катышуучулар менен таанышуу, Кыргызстандагы учурдагы экономикалык абалга жана миграциянын негизги багыттарына сереп жасалды. Жакырчылык түшүнүгүнүн абсолюттук жана салыштырмалуу түрлөрү, миграциялык кризистин себептери жана формалары талкууланды.

II. Теориялык бөлүк: Диагностика жана тобокелдиктерди баалоо

Студенттер жокчулуктун көп өлчөмдүү мүнөзү, үй-бүлөлүк бюджетти тез баалоо ыкмалары, миграциялык тобокелдиктер, адаптация жана кайтуу кризиси тууралуу окуп-үйрөнүштү. Коргоого муктаж топтор – аялдар-мигранттар, жалгыз бой ата-энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген мигранттар өзүнчө талданды.

III. Практикалык бөлүк: Интервенция жана ресурстарды мобилизациялоо

Практикалык тапшырмалар жана кейс-стади форматында:

социалдык жөлөкпул программаларына багыт берүү,

мигранттар үчүн коопсуз каналдар,

кризистик кырдаалдарда (оору, документ жоготуу, депортация) туура аракеттенүү,

мигранттардын балдарына психологиялык колдоо көрсөтүү,

өлкөгө кайтып келгендерди реинтеграциялоо иштери каралды.

IV. Жыйынтыктоо

Иш-чара соңунда негизги идеялар бекемделип, катышуучулар суроолорун берип, жооп алышты жана да

ОшМУнун ИПКнын директору М.Манашовдон грамота ыйгарылды.

Миграция жана жакырчылык боюнча пайдалуу ресурстар, маалыматтык колдонмолор менен бөлүшүлдү. ОшМУнун ИПКнын директору М.Манашовдон грамота ыйгарылды.

Мастер-класс студенттер үчүн теорияны практика менен айкалыштырууга, реалдуу социалдык маселелерди көп тараптуу карап чыгууга, ошондой эле келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдыкты күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.