1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

Көк-Жангак шаарынын мэриясында практиканы өтөп жаткан студентке методикалык жардам көрсөтүлдү

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш адистигинин практика жетекчилери А.А.Ташматова, А.Анарбай кызы жана ПЦКнын төрагасы Н.Сатымкуловалар өндүрүштүк практиканын алкагында Көк-Жангак шаарынын мэриясына практиканы өтөп жаткан СРк-2-23 тайпасынын студенти Маккамжанова Дилрабону текшерүү жана ага методикалык жардам көрсөтүү уюштурулду. Текшерүүнүн жүрүшүндө студенттин иш процесси, күнүмдүк милдеттерди аткаруу сапаты жана практика программасына ылайык көндүмдөрдү өздөштүрүү деңгээли бааланды. Практика жетекчиси А.А.Ташматова студентке зарыл болгон методикалык сунуштарды берип, иш кагаздарын жүргүзүү, жарандар менен иштешүү, кызматтык этиканы сактоо жана социалдык багыттагы тапшырмаларды аткаруу боюнча багыттарды көрсөтүп берди.

Белгилей кетсек Көк-Жангак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргак практиканттар үчүн зарыл болгон шарттар уюштурулгандыгын, студенттин мыктылыгын жана берилген тапшырмаларды так аткарууга аракет жасагандыгын баса белгилеп, эң жакшы деген баага ылайыктуу экендигин айтып өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттин практикага болгон даярдыгы жана кесиптик кызыгуусу жогору экени белгиленди.