1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Ийгиликтүү сабактын формуласы: 5E модели аркылуу үйрөтүү

Экономика жана укук колледжинде окутуучулар үчүн уюштурулган методикалык тренингдин алкагында окуу-усулдук иштер боюнча иниспектор Орозова Жазгүл тарабынан “Ийгиликтүү сабактын формуласы” деген темада тажрыйба алмашуу максатында англис тилинен сабак өтүп берди.

Тренингдин максаты – жаңы окутуу ыкмаларын тааныштыруу, сабакка болгон кызыгууну арттыруу жана студенттердин активдүү катышуусун камсыздоо болуп саналат.

Сабак учурунда Орозова Жазгүл 5E моделинин ар бир этабын жигердүү колдонуп, окутуучулар менен жандуу жана практикалык иштерди жүргүздү.

Катышкан окутуучулар бул ыкманын артыкчылыктарына күбө болушуп, жаңы усулдардын өз иштеринде колдонулушу боюнча пайдалуу ойлорду алышты. Сабакта баарлашуу, топтук иш,баалоо техникасы, рефлексия жана өз алдынча чечим чыгаруу элементтери орун алды.

Иш-чара окутуучулардын усулдук маданиятын өркүндөтүүгө, тажрыйба бөлүшүүгө жана сабак өтүүнүн заманбап формаларын кеңири жайылтууга багытталган маанилүү кадам болду.