1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш – студенттердин практикалык көндүмдөрү үчүн жол ачат

Экономика жана укук колледжинин Укук таануу ПЦКсында 5-декабрь күнү  иш берүүчүлөр менен тегерек стол уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты – окуу жай менен кесиптик чөйрөнүн байланышын чыңдоо, студенттерге практикалык билим берүүдө жетишкендиктерди талкуулоо болду.

Тегерек столго Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын жетектөөчү адиси Султанова Айганыш Исраиловна, инженер-кадрлар бөлүм башчысы Абдыкадырова Нурзарита Токтомаматовна, ошондой эле Манас шаардык сотунун аткаруучулары Таалайбек уулу Жунус жана Исабеков Мурат Бегумкулович катышты.

Окутуучулар иш берүүчүлөр менен НБПны жана өндүрүштүк практиканын иш пландарын талкуулашты. Иш берүүчүлөр өз сөздөрүндө колледждин өндүрүштүк практикага чыккан студенттеринин жетишкендиктерин белгилешти жана колледжге, студенттерге ыраазычылыгын билдиришти.

Ошондой эле окуу жай иш берүүчүлөргө практиканы уюштурууга жана жумуш ордунда окутууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык кат тапшырды. Бул тегерек столдун жүрүшү студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги ийгиликтерге чоң салым кошоору айкын болду.