1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Социалдык иш багытынын 3-курс студенттери үчүн жумуш ордунда окутуу ийгиликтүү өттү

Социалдык иш адистигинин 3-курсунун студенттери үчүн өндүрүштүк практиканын алкагында жумуш ордунда окутуу уюштурулуп, ага практика жетекчиси А.А. Ташматова жетекчилик кылды. Мындай окутуунун максаты — студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп, аларды реалдуу иш процесси менен тааныштыруу жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.

Окутуунун жүрүшүндө студенттер социалдык кызмат көрсөтүү мекемелеринин иш тартиби, жарандар менен түз байланыш түзүү эрежелери, документ жүргүзүү маданияты, социалдык көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү жолдору боюнча практикалык маалымат алышты. Ошондой эле күнүмдүк иш процессине активдүү катышып, адистердин ишин жеринен байкап, өздөрү да бир катар тапшырмаларды аткарып көрүштү.

Практика жетекчиси А.А. Ташматова студенттердин жигердүү катышуусун жогору баалап, мындай тажрыйбалар келечектеги адистердин өз алдынча иш алып баруу жөндөмүн бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи. Анын айтымында, жумуш ордунда окутуу студенттердин коммуникативдик жана аналитикалык көндүмдөрүн өнүктүрүп, социалдык иштин реалдуу шарттарын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Студенттер да бул окутуу алар үчүн өтө пайдалуу болгонун айтышып, кесиптин жоопкерчилигин жана маанисин тереңирээк түшүнгөндүктөрүн белгилешти. Алар практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү келечекте жумушка орношууда маанилүү рол ойнойт деген пикирин билдиришти.

Жумуш ордундагы окутуу студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатып, социалдык чөйрөдө сапаттуу кызмат көрсөтө алган адистерди даярдоого багытталган маанилүү баскыч болду.