1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Манас шаардык статистика бөлүмүндөгү практикалык сабак

Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучусу Ашырбаева С.Ы. 2025-жылдын 4-декабрында ССк-2-24 тайпасынын студенттерин Манас шаардык статистика бөлүмүнө алып барып, "Статистика" сабагынан жумуш ордунда окутуу боюнча практикалык сабак өттү.

Жумуш ордунда окутууга арналган сабак "Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгү" жана "Статистикалык маалыматтарды топтоо ыкмалары" деген темаларды камтыды.

· Атантаева Жамиля Мырзагельдиевна, бөлүмдүн жетектөөчү адиси, Улуттук статистика комитетинин электрондук форматта иш алып баруу саясаты, статистикалык маалыматтарды топтоо жана учурдагы иштер боюнча толук баяндап, компьютерден көрсөтүп берди.

· Манас шаардык статистиканын  башкы адиси Эргешова Мээрим Тургунбековна билим берүү тармагындагы маалыматтардын топтолушун, системаланышын жана анализин, анын ичинде мектепке чейинки балдар бакчаларынын статистикалык отчетторун көрсөтүү менен кызыктуу маалыматтарды берди.

Сабактын соңунда Ашырбаева С.Ы. колледжде теориялык түрдө окулган статистикалык маалыматтарды топтоо боюнча билимди, статистикалык отчеттордун бланктары менен салыштырып түшүндүрүп берди. Студенттер бул практикалык сабакты жогорку кызыгуу менен кабыл алышты.