1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Экономика жана укук колледжинде окуу-өндүрүштүк практиканын ортосунда рефлекциялык конференция өттү.

Иш-чарага СРк-01-23 тайпасынын студенттери, колледждин директору Ташматова Айнагүл Акылбековна, ЭУКтун карьера жана практика бөлүмүнүн жетекчиси Айылчиева Назгүл Абдыгапаровна, социалдык иш ПЦКсынын практика боюнча жетекчиси Анарбай кызы Айтбү, ошондой эле практика жетекчилери Сатымкулова Наргиза Надырбековна жана Молдомиров Эрлан катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда учурда болуп жаткан көйгөйлөрдү, кыйынчылыктарды жана жетишкендиктерин талкуулашты. Ар бир студент практика өтүп жаткан мекемелердеги тажрыйбалары менен бөлүшүп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жетекчилерден кеңири жооп алды.

Иш-чара өзгөчө форматта өтүп, катышуучулар топторго бөлүнүп иштешти. Ар бир топ практикадагы реалдуу кырдаалдар боюнча талкууларды өткөрүп, сунуштарын жана мүмкүн болгон чечимдерди даярдашты. Бул ыкма студенттердин активдүүлүгүн күчөтүп, алардын практикадагы көйгөйлөрдү анализдеп, туура чечим табуу жөндөмдөрүн өнүктүрдү.

Рефлекциялык конференция студенттер үчүн маанилүү аянтча болуп, практиканын кийинки этабын ийгиликтүү улантууга багыт берди.