1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

«Банктагы бир күн: студенттер үчүн реалдуу тажрыйба сабагы»

        Экономика жана укук колледжинде жумуш ордунда окутуу колго алынып, студенттердин келечектеги кесибине болгон кызыгуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп Экономика ПЦКсынын Каржы (тармактары боюнча) адистигинин жетекчилери Э. Кадырова жана    А. Калмурзаева тарабынан атайын уюштурулган жумуш ордунда окутуу сабагы Манас шаарындагы Дос-Кредо банкынын филиалында өттү.

      Студенттерди банк ишмердүүлүгүнүн ички процесстери менен жакындан тааныштырып, практикалык тажрыйба берүү милдетин филиалдын тейлөө бөлүмүнүн башчысы Казаков Таалайбек Казакович студенттерге реалдуу өндүрүштүк чөйрөдөгү талаптар, жоопкерчиликтер жана заманбап технологиялар тууралуу кеңири жана жеткиликтүү түшүндүрмө берди.

      Таалайбек Казакович өз баяндамасында төмөнкү маанилүү аспектилерге токтолду:

Мекеме жана ишканаларда колдонулуучу компьютердик программалардын түрлөрү - алардын функциялары, иштөө логикасы жана күнүмдүк практикага болгон таасири;

Документ жүгүртүү жана эсептөө иштериндеги автоматташтырылган системалар — убакытты үнөмдөө, тактыкты жогорулатуу жана адам факторун азайтуу сыяктуу артыкчылыктары;

Мекемелер колдонгон программалык камсыздоолордун спектри (бухгалтердик, кадрдык, каржылык, документ жүгүртүү системалары) жана алардын бизнес-процесстердеги орду;

Электрондук документтерди каттоо, өткөрүү жана архивдештирүү — санарип доорунда ар бир мекеме сөзсүз билүүгө тийиш болгон негизги процедуралар.

Сабак студенттер үчүн өтө пайдалуу болуп, алардын кесиптик даярдыгын чыңдоого чоң өбөлгө түзүп,  банк ишинин — ички механизмдер, программалар, документ жүгүртүү тартиби — ушунчалык татаал жана бир учурда кылдаттыкты талап кылаынаарын кеңири түшүнүштү.