1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

71

 «Билимдин бийиктигине умтулган студенттер: конференция жыйынтыктары»

       Ноябрь айы илим айы катары белгиленип, Экономика жана укук колледжинде «Илим жана студент» аттуу конференция ийгиликтүү өттү. Конференцияда мыкты илимий макала менен өзгөчөлөнгөн студенттерге ОШМУнун «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференциясына катышууга жолдомолор ыйгарылды.

     Экономика ПЦКсынын окутуучусу А.К. Калмурзаеванын жетекчилиги менен студенттер өз активдүүлүгүн көрсөтүшүп, жигердүү катышышты.

- Фк-4-24 тайпасынан Ш. Джакыпова колледж ичиндеги конференцияда I даражадагы дипломго ээ болду.

- Фк-2-23 тайпасынан А. Зикирбаева, Ш. Режебалиев,

- Фк-3-23 тайпасынан А. Токтосунова жана А. Матиева

       ОШМУдагы эл аралык студенттик илимий конференцияга жолдомо алып, ийгиликтүү катышып кайтышты. Студенттер өз билим деңгээлин сынап, татыктуу сертификаттар менен сыйланышты.