1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

66

Жумуш ордунда окутуу: мамлекеттик финансы тармагында студенттердин практикалык даярдыгын чыңдоо

        Жумуш ордунда окутууну активдештирүү максатында Экономика жана укук колледжинин Каржы (тармактары боюнча) адистигинин жетекчилери А. Калмурзаева тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Манас финансы башкармалыгында жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Казына бөлүмүнүн башчысы Сартбаев Айбек Равшанбекович төмөнкү маанилүү багыттар боюнча кеңири түшүндүрмө берди:

-  мекемелердин ортосундагы кызматташтык системасын талдоо жана анын иш жүзүндөгү мааниси;

-  ишканадагы пландаштыруунун ролу, башка мекемелер менен маалымат алмашуу жана кызматташтык жүргүзүүнүн зарылчылыгы;

жылдык, кварталдык жана айлык пландоонун мааниси, бюджеттик процесстин этаптары жана аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчеттуулуктун өзгөчөлүктөрү.

         Бул маалыматтар студенттер үчүн жөн гана теория эмес, чыныгы иш процессинин "кухнясына" баш багуу мүмкүнчүлүгү болуп берди. Анткени кагаздагы формулалар менен графиктерди түшүнгөн бир башка, ал эми алардын мамлекеттик органда кантип иштеп жатканын көрүү ― бул таптакыр башка деңгээл.

    Андан соң жетекчи болочок адистерге мамлекеттик кызматтагы азыркы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кошумча маалымат берди. Айтылгандай, бүгүнкү күндө орто кесиптик билимге ээ жаштар да мамлекеттик мекемелерге жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Каржы башкармалыгына, Салык кызматтарына, Бажы кызматына жана башка мамлекеттик органдарга кабыл алууда белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Салык кодекси, ошондой эле Конституция боюнча тестирлөө жүргүзүлөт.

     Тесттин 50% суроолоруна туура жооп берген талапкерлер резервге коюлуп, бош кызмат орундары ачылганда дайындалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору өзгөчө белгиленди. Башкача айтканда, “жакшы аракет кылсаң, эшик ачык” деген кеп бул жерде толук иштейт.

Бул тажрыйба студенттер үчүн келечектеги кесиби менен жакыныраак таанышып, мамлекеттик финансы системасынын иштөө принциптерин жогорку деңгээлде көрүүгө шарт түздү.