1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

Практика багытындагы   «Борборлоштурулган бухгалтериянын ишмердүүлүгү» боюнча конок лекция.

   2025-жылдын 2-декабрында Экономика жана укук колледжинде «Борборлоштурулган бухгалтерия» темасында конок лекция өткөрүлдү. Иш-чара  Экономика предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучусу Кадырова Элиза тарабынан уюштурулду.

    Иш-чараны  Экономика ПЦКсынын башчысы Ахмедова Зульфия Махамадаминовна ачып, студенттерге конок лекциянын мааниси жана практикалык пайдалуу жактары тууралуу айтып өттү.

    Иш-чарага БЭК-2-24 жана ФК-2-24 топторунун студенттери катышып, бухгалтерия тармагындагы заманбап талабдар жана иш процесстер менен жакындан таанышты.

     Конок катары чакырылган Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясынын адиси Суеркулова Асия борборлоштурулган бухгалтериянын түзүлүшү, аткарган негизги функциялары, каржылык документтер менен иштөө тартиби тууралуу кеңири маалымат берди. Ал реалдуу мисалдар аркылуу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.

    Конок лекциянын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча пайдалуу маалымат алышты:

 -борборлоштурулган бухгалтериянын структурасы жана анын мамлекеттик мекемелердеги ролу;

 - каржылык отчёттуулук процессинин этаптары;

 -бюджеттик уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү;

  -практикалык милдеттерди автоматташтырууда колдонулган ыкмалар.

   Иш-чара студенттер үчүн теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп, алардын кесиптик даярдыгын чыңдоого өбөлгө болду.