Экстремизмге жана терроризмге жол жок!
КРнын Билим жана илим министрлигинин 2024-жылдын 8-январындагы №3/1 буйругуна ылайык, 2023-2027-жылдарга КРнын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча буйругун аткаруу максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин социалдык иш ПЦКсынын СРк-01-23 тайпасына куратор Н.Н.Сатымкулова тарабынан экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүгө арналган конок лекция уюштурулду. Конок лекцияга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 7704 ички аскер (ИА) бөлүгүнүн улук лейтенанты Исмаматов Келдибек Базаралиевич келди. Алгач куратор “Биз экстремизмге жана терроризмге каршыбыз” деген тема боюнча студенттерге кыскача маалымат берди. К.Б.Исмаматов азыркы учурдагы экстремизм жана терроризмдин актуалдуулугу жөнүндө, ар бир адам өзүнө сак болуп, ага каршы күрөшүү керектигин айтып, студенттерге толук маалымат берип өттү. Студенттер менен тема боюнча талкуу жүргүзүлүп, студенттер суроолорун берип ага жооп алышты. Жалпы экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу жана ушул жагдайга түшпөө боюнча толук түшүнүк алышты. Иш-чаранын жыйынтыгында экономикалык-юридикалык колледжинин директору тарабынан К.Б.Исмаматовко студенттердин келечектеги кесипкөй, мыкты адис катары даярдоодо чоң салым кошкондугу үчүн ыраазычылык кат тапшырылды.