1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Илим жана студент

       Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси жана Экономика жана укук колледжинин илим боюнча жооптуу Б.К Курстанбекова тарабынан  Илим айынын алкагында уюштурулган «Илим жана студент – 2025» аттуу колледж ичиндеги илимий-практикалык конференция офлайн форматта, пленардык жана секциялык жыйындар менен коштолуп өттү.

      Иш-чарага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илим бөлүмүнүн башчысы, к.э.н., и.о. доцент М.А. Жороева, ЭУКтун директору А.А. Ташматова, илимий жетекчилер жана студенттер катышты.

      Конференцияны ЭУКтун директору А.А. Ташматова ачып, Илим айынын алкагында уюштурулган «Илим жана студент – 2025» аттуу колледж ичиндеги илимий-практикалык конференция алгачкы жолу өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп, студенттерге ийгилик каалап өттү.

         Андан соң сөз М.А. Жороевага берилди. Ал өз сөзүндө студенттердин илимий-изилдөөгө болгон кызыгуусу кубанычтуу көрүнүш экенин баса белгилеп, мындан аркы иштеринде жигердүүлүк жана чыгармачылык ийгилик каалады.

         Конференциянын негизги максаты – экономика тармагындагы студенттердин илимий-изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттыруу, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, заманбап экономикалык көйгөйлөрдү иликтөө жана практикалык чечимдерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп эсептелет.

      Иш-чарада студенттер илимий макала жазуудагы чеберчилигин жана изилдөө жөндөмүн көрсөтө алышты. Алардын иштеринде экономиканын ар кандай багыттары камтылып, катышуучулардын ой жүгүртүүсүнүн жана кызыкчылыктарынын көп түрдүүлүгү айкын көрүндү.

          Конференция жыйынтыгында мыкты илимий макалалары менен айырмаланган студенттер ОШМУнун «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференциясына катышууга жолдомо алышты. Калган активдүү катышкан студенттерге I, II, III даражадагы дипломдор тапшырылып, ар бири илим дүйнөсүнө маанилүү кадам таштап кетти.