1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

67

Жумуш ордунда окутуунун заманбап модели: банктын реалдуу иш процесси аркылуу билим берүү

     Жумуш ордунда окутууну колго алуу алкагында, Экономика жана укук колледжинин Каржы (тармактары боюнча) адистигинин жетекчилери Э. Кадырова жана А. Калмурзаева  Манас шаарындагы «Оптима Банк» филиалында студенттер үчүн жумуш ордунда окутууну уюштурушту.

     Оптима банкынын Манас шаарындагы филиалынын директору Паизов Жаркынбек Мамазакирович студенттерге төмөнкү багыттарда кеңири түшүндүрмө берди:

-          инфляциянын ишкананын ишмердүүлүгүнө тийгизген таасирин баалоо;

-          башка мекемелер менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби;

-          ишканалардын банктар менен кызматташуу өзгөчөлүктөрү;

-          банктын жарнамалык иши, анын экономикалык мааниси жана маркетинг стратегиялары.

Ал өз сөзүндө банктын маркетинг кызматы жогорку деңгээлде өнүккөнүн белгилеп, ар бир кызматкер маркетолог катары иш алып барып, кардарларды тартууда активдүү катышарын белгиледи. Бул маалыматтар студенттерде чоң кызыгууну жаратып, суроо-жооп түрүндөгү жандуу баарлашуу аркылуу алардын теориялык түшүнүктөрүн тереңдетти.

Мындан сырткары, банктын андерайтери Разабаев Эркин Токтосунович төмөнкү темалар боюнча практикалык маалымат берди:

-          ишкананын ички жана тышкы тобокелдиктерин аныктоо;

-          тобокелдиктерди азайтуу жана алдын алуу жолдору;

-          каржылык коопсуздукту камсыздоонун мааниси.

Студенттер банктагы мисалдар аркылуу тобокелдиктерди башкаруунун өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшүп, бул багытта маанилүү практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

Андан соң Шишкараев Жоомарт Козубаевич банктын насыя бөлүмүнүн жетекчиси төмөнкүлөр боюнча маалымат берди:

-          насыянын түрлөрү, пайыздык чендери, берүү тартиби;

-          кардарлар менен иш алып баруунун өзгөчөлүктөрү;

-          кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо жана тейлөө маданияты.

Бул маалыматтар студенттер үчүн өзгөчө маанилүү болуп, каржы адистигине тиешелүү көндүмдөрдүн бекемделишине өбөлгө түздү.

«Оптима Банк» филиалы студенттерге талаптарга ылайык уюштурулган жумуш ордунда окутууну камсыздап, банк кызматкерлеринин жетекчилиги астында ар бир студент өз адистигине жараша практикалык билгичтиктерди өздөштүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк алды. Бул иш-чара студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатып, банк сектору боюнча түшүнүгүн кеңейтип, келечектеги адистик жолуна ишенимдүү кадам шилтөөсүнө шарт түздү.