1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Экономика жана укук колледжинде “Практикалык кейстерди чечүү жана кризистик интервенция” боюнча конок лекция өткөрүлдү

            “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук колледжинин социалдык иш ПЦКсынын жана Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин социалдык иштер жана аскерге чейинки даярдык ПЦКсыны академиялык мобилдүүлүк алкагындагы биргелешкен иш-чарасынын негизинде “Практикалык кейстерди чечүү жана кризистик интервенция” аталышындагы конок лекция жана тажрыйба алмашуу кечеси өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты: социалдык иштер багытында окуган студенттердин • көйгөйлүү жана кризистик кырдаалдарды талдоо,

• интервенция жүргүзүү,

• чечим кабыл алуу,

• ролдук моделдөөлөр аркылуу практикалык көндүмдөрүн бекемдөө.

1-бөлүм. Кризистик абалдардын табияты жана интервенциянын негиздери

Лектор: Темирова Кызжибек Кудайбергеновна (ОшМУ ИПК)

Мазмуну:

• Кризистин түшүнүгү жана стадиялары

• Кризистин түрлөрү

• Социалдык кызматкердин кризистеги ролу

2-бөлүм. Кризистик интервенция техникалары (ACT модели)

Лектор: Анарбай кызы Айтбү

Мазмуну:

• ACT модели (Assessment–Crisis–Trauma)

• Деэскалация ыкмалары

• Колдоо интервьюсу

3-бөлүм. Балдар, өспүрүмдөр жана ата-энелер менен кризистик абалдарда иштөө

Лектор: Сатымкулова Наргиза Надырбековна

Мазмуну:

• Балдардын коргонуу механизмдери

• Өспүрүмдөрдө эмоцияны жөнгө салуу

4-бөлүм. Үй-бүлөлөрдөгү социалдык тобокел факторлору жана интервенция

Лектор: Ташматова Айнагуль Акылбековна

Мазмуну:

• Ичкиликке берилген үй-бүлөлөр

• Миграция жана жокчулукка байланышкан кризистер

• Реалдуу анонимдүү кейстерди талдоо жана интервенция пландаштыруу

5-бөлүм. Супервизия жана тажрыйба алмашуу

Окутуучулар: Ташматова А., Темирова К., Сатымкулова Н., Анарбай к. А.

Мазмуну:

• Супервизиянын маңызы

• Коллегиалык талкуу

• Студенттердин өз кейстерин коргоосу

• Маданий жана этикалык оор кырдаалдарды талдоо

Сыйлыктар жана ыраазычылык

Грамота менен сыйланган:

• Анарбай кызы Айтбү

• Ташматова Айнагүл Акылбековна

• Сатымкулова Наргиза Надырбековна

Темирова Кызжибек Кудайбергеновна ЖАМУнун ыраазычылык каты мененсыйланды.

Студенттерге:

• жаңы тааныштарды табууга,

• команда менен иштөөгө,

• кесиптик көндүмдөрүн бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түздү.