1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

Биз СПИДке каршыбыз

Экономика жана укук колледжинде 2025-жылдын 29-ноябрь күнү Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучусу М.Ж. Асанова   «Биз СПИДке каршыбыз» аталышында СРк-2-25, СРк-3-25 тайпалары менен биргеликте иш-чара өттү.  Иш-чараны ЭУКтун директору А.А.Ташматова ачып төмөндөгүлөргө токтолду. Бүгүн биз 1-декабрь - Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөш күнүн белгилөө үчүн чогулуп жатабыз. Бул күн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө адамдарды маалымдоо, алдын алуу жана саламаттыкты коргоо маданиятын чыңдоо максатында өткөрүлөт.

СПИД - бул жөн гана медициналык маселе эмес, бул коомдун ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин талап кылган жалпы көйгөй. Бүгүнкү иш-чаранын максаты - ВИЧ/СПИД жөнүндө туура маалымат таратуу, мифтерди жокко чыгаруу, өз саламаттыгыбызга жана айлана-чөйрөбүзгө болгон жоопкерчилик сезимин күчөтүү.

Биздин негизги милдет - ар бир адамдын коопсуз жүрүм-турумун, өзүн жана жакындарын коргоо маданиятын калыптандыруу. ВИЧ менен жашаган адамдарга болгон сый-урматты, боорукерликти жана колдоону күчөтүү - бул да бүгүнкү күндүн маанилүү талабы. Студенттер тарабынан видеотасмалар, докладдар, дубал гезиттер, ырлар даярдалды.  Иш-чара жогорку деңгээлде өттү.