1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 часов назад

4

Экономика жана укук колледжинде “Жетекчи менен бир күн” аттуу жолугушуу өткөрүлдү

2025-жылдын 27-ноябрында Экономика жана укук колледжинде студенттердин күнүнө карата өзгөчө иш-чара болуп өттү. Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Айпери Курманбекова тарабынан уюштурулган “Жетекчи менен бир күн” аттуу жолугушуунун коногу болуп колледждин директору Айнагул Акылбековна катышты.

Иш-чаранын алкагында студенттер жетекчи менен түз баарлашып, билим берүү процессинин сапаты, колледждин өнүгүү багыттары жана жаштардын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышты. Директор студенттерге ийгиликке жетүүнүн жолдору, жоопкерчилик жана лидерлик сапаттары боюнча баалуу кеңештерин берди.

Жолугушуу студенттердин демин арттырып, алардын билимге болгон кызыгуусун жана колледжге болгон байланышын дагы да бекемдеди.