1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

9 часов назад

4

Манас шаарынын Мамлекеттик салык кызматында ССк-2-23 тайпасына иш ордунда окутуу өткөрүлдү

2025-жылдын 27-ноябрында Манас шаарынындагы Мамлекеттик салык кызматында ССк-2-23 тайпасынын студенттери үчүн иш ордунда окутуу форматы боюнча практикалык сабак өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик мекемелерде колдонулуучу заманбап программалык камсыздоолор менен тааныштыруу жана студенттердин кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду.

Сабак учурунда студенттер мекеменин ишмердүүлүгүндө активдүү колдонулган компьютердик программалар, маалыматтарды иштетүү жана документ жүгүртүүнү автоматташтыруу системалары тууралуу кеңири маалымат алышты. Практикалык көрсөтмөлөр жана реалдуу мисалдар аркылуу программалардын мүмкүнчүлүктөрү, иш алгоритмдери жана аларды күнүмдүк кызматтык процесстерде колдонуу жолдору түшүндүрүлдү.

Окутууну Манас шаарынын Мамлекеттик салык кызматынын Мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн улук инспектору Бакирова Айкөкүл Бакировна өтүп, студенттерге кызыктуу, мазмундуу жана пайдалуу сабак тартуулады. Ал өз тажрыйбасынан мисалдар келтирип, салык тутумунда санариптик технологиялардын мааниси жөнүндө да айтып берди. Студенттер сабактын жүрүшүндө көп суроолорду берип, зарыл болгон маалыматтарды толук ала алышты.

Иш-чарага экономика ПЦКсынын окутуучулары Бекиева Г.Б. жана Салибаева Г.П. да катышып, студенттер менен кошумча пайдалуу маалыматтарды бөлүшүп, окутуу процессин дагы да байытып кетишти.

Бул окутуу студенттер үчүн практикалык билимдерин тереңдетүүгө, мамлекеттик органдардын иш процесстери менен жакындан таанышууга жана келечектеги кесиптик даярдыгын бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк болду.