1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

10 часов назад

2

Судья менен түз жолугушуу: студенттер үчүн укуктук практикалык сабак

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин Укук таануу адистигинде билим алган УТк-01-25 жана УТк-02-25 тайпалары үчүн Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Сабырова Жыпар Жумадиловна тарабынан кеңири конок лекция өтүп берилди.

Лекциянын жүрүшүндө студенттер Кыргыз Республикасынын соттук түзүмү, сот бийлигинин милдеттери жана принциптери, жарандардын укуктарын коргоодогу сот бийлигинин ролу тууралуу кеңири маалымат алышты.

Студенттер:

сот бийлигинин түзүмү жана иштөө принциптери менен таанышты;

соттук териштирүүнүн этаптары жөнүндө маалымат алышты;

судьянын этикасы жана жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрмөлөрдү укту;

өздөрүн кызыктырган суроолорго кеңири жоопторду алышты.

Бул конок лекция студенттердин теориялык билимдерин практикалык маалымат менен бекемдеп, сот системасын тереңирээк түшүнүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаратты.