1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

10 часов назад

3

«Өмүрү өрнөктүү инсан» аттуу иш-чара

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсы өлкөбүздө каралып жаткан «Уңгу жол» идеологиялык программасынын алкагында «Өмүрү өрнөктүү инсан» аттуу иш-чараны 27-ноябрь күнү өткөрдү.

Иш-чаранын каармандары катары өз эмгеги, кесипкөйлүгү жана жаштарга үлгү болуу сапаттары менен айырмаланган төмөнкү инсандар чакырылды:

1. Атантаева Джамиля Мырзагельдиевна — Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Жылдын мыкты кызматкери» наамынын ээси, «Статистиканын отличниги», 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар, жаштардын насаатчысы болгон адис.

2. Эшбаева Айжамал Абдилазизовна — Манас шаардык статистика комитетинин башкы адиси, «Ардак грамотанын» жана «Алкыш» сыйлыгынын ээси, мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору.

3. Абдыкалыков Абдрашид Арстанбекович — Мамлекеттик салык кызматында 33 жылдан бери эмгектенип келе жаткан, «Салык кызматынын отличниги», «Ардак грамота» жана «XXI кылымдын залкарлары» медалынын ээси, Сузак районунун «Ардактуу атуулу».

Иш-чараны колледждин директору Айнагүл Акылбековна ачып берди.Жыйынтыктоочу сөздү Экономика ПЦКсынын башчысы Ахмедова Зульфия Махамадаминовна сүйлөдү.Каармандарга ыраазычылык каттар тапшырылды.