1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

11 часов назад

79

БОКС: ЖАМУнун СТУДЕНТИ ЧЕМПИОН!

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика жана укук колледжинин студенти Алина Усталмасова Өзбекстанда өткөн Эл аралык бокс боюнча турнерде 1-орунду ээледи. Ал 50кг салмак категориясында күч сынашты.

Мелдеш Өзбекстандын Андижан облусунда 15-ноябрда башталып, 16-ноябрда жыйынтыкталды. Ага Өзбекстан жана Кыргызстандан 50дөн ашуун спортчу катышты.  

Алина Усталмасова эки жылдан бери бокс менен машыгып келет. Ал буга чейин Кыргызстандын  жана эл аралык чемпионаттын  жеңүүчүсү болгон. Алина спорт чебери. Учурда экономика жана укук колледжинде укук тануу  адистигинде билим алат.