1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

11 месяцев назад

81

Иш берүүчүлөр менен жолугушуу

Үстүбүздөгү жылдын  18-январь күнү экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын жетекчиси З.М.Ахмедова жана окутуучусу Г.Б.Бекиева тарабынан Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматында практиканын жумушчу программасындагы жол картасын мекеменин иш берүүчүлөрү менен иш-аракетине дал келүүсүн талкууланды. Бул иш чарага мекеменин Атайын салык режимдер бөлүмүнүн ККМ-онлайн секторунун башчысы Ботокараев Чынгыз Бакытбекович жана Салык режимдерин мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Таштанбекова Гулжамал Акматалиевна катышышты.

     Практиканын  жумушчу программасы мамлекеттик билим берүү стандартынын, окуу пландарынын жана адистик (багыт) боюнча негизги билим берүү программасынын негизинде жыл сайын түзүлүп, окуу жылынын башталышында иштелип чыккан.

      Жолугушуу учурунда практиканын жол картасындагы кайталанып бир маанини берген, ошондой эле мекеме – ишканалардын иш аракетинде купуя сакталуучу маалыматтарды камтыган пункттарды келерки жылы кайра карап чыгуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, ал эми кээ бир пункттарын өз алдынча мекеме-ишканалардын сайтынан өздөштүрүү сунуштары киргизилип, макулдашылды.