1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

9

Ийгилик — идеядан башталат

Ноябрь - илим айына карата "Илимий долбоорлор жана стартап идеялар көргөзмөсү болду. Иш чараны ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усенов ачып берди.

Иш чарага Экономика жана укук колледжинин студенттери, окутуучулар Г.М.Барпиева жана Н.А.Кочкорова катышты. Өздөрүнүн чыгармачыл ой жүгүртүүсүн жана ишкердик жөндөмдөрүн көрсөтүшүп бизнес идеяларын сунушташты.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин ишкердикке болгон кызыгуусун арттыруу, алардын идеяларын көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Ар бир команда иштелип чыккан бизнес долбоорлорун аудиторияга сунуштап, максаты жана пайдасы тууралуу айтып беришти. Презентациялар жогорку деңгээлде даярдалып, студенттер өз идеяларын ишенимдүү жана түшүнүктүү жеткире алышты.

Иш-чара тиешелүү жетекчилер тарабынан бааланып, айрым бизнес идеялар келечекте ишке ашырууга ылайыктуу деп табылды. Бул иш-чара студенттер үчүн чоң мотивация болду.