1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

13

 “Ыр, бийге турат кумарым - өзгөчө макам алганым" аттуу сынак экономика жана укук колледжинде болду 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин институт жана колледждеринин профессордук-окутуучулук курамы арасында улуттук баалуулуктарды жана окуу жайдын кадыр-баркын даңазалаган “Ыр, бийге турат кумарым – өзгөчө макам алганым” аттуу сынак бул жолу Экономика жана укук колледжинде өттү.

Сынакта  улуттук даамдар, улуттук көргөзмөлөр көргөзүлдү. Жандуу аккордеондун коштоосундагы элдик ырлардан тартып заманбап чыгармаларга чейин аткарылып, жеңил бий  менен коштолгон жагымдуу атмосфера залды толук жандантты. Көрүүчүлөр ар бир номерди кол чаап кубаттап, майрамдык маанайга бөлөнүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — билим жана илимди чыгармачылык менен айкалыштыруу, маданий чөйрөдө окутуучулар менен студенттердин талантын көрсөтүү болду. Катышуучулар улуттук баалуулуктарды даңазалап, окуу жайдын тарыхына жана түптөлүүсүнө салым кошкон инсандарды сахнада көркөмдөп көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, бул сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” жана “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Саамалык ушул жылдын февраль айында башталып, жыйынтык декабрь айында чыгарылат.

Жыйынтыктоочу этапта мыкты деп табылган команда жаңы жылдык чоң программадагы концертке катышып, университет тарабынан акчалай сыйлыктарга ээ болот. Бул сынак окуу жайдын маданий жашоосунда унутулгус белги калтырып, окутуучулар менен студенттердин чыгармачылык биримдигин дагы да бекемдеди.