1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

29

"Билимге шыктанган үч күн: Укук таану ПЦКсынын демилгеси"

2025-жылдын 19–20-21-ноябрь күндөрү Укук таану ПЦКсынын окутуучулары тарабынан ачык сабактар өтүлдү. Үч күнгө созулган бул иш-чара мекенчилдикти, укуктук аң-сезимди жана адистикке болгон кызыгууну арттырууга чоң салым кошту.

Саттарова Дильфуза «Адистикке киришүү» сабагы аркылуу студенттерге укук таануунун негизи, анын коомдогу орду жана келечектеги кесиптик багыт тууралуу кеңири маалымат берип, теорияны практика менен айкалыштырган динамикалык сабак өттү.

Жусупова Айжамал «Кыргызстандын тарыхы, мамлекети жана укугу» боюнча ачык сабагы өлкөбүздүн тарыхый өнүгүү жолуна, мамлекеттик түзүлүшүнө жана укуктук базасына байланышкан терең талдоолор менен коштолуп, жаштардын мекенге болгон сый-урматын арттырды.

Токтосунов Келдибек «Мамлекет жана укук теориясы» сабагында укуктун негизги түшүнүктөрүн, мамлекеттин түзүлүшүн жана укуктук принциптерди терең талдап, билим берүүдө заманбап усулдарды колдонду. Студенттер менен болгон активдүү диалог сабакка өзгөчө жандуулук кошту.

Амиракулова Зейнеп , «Кыргызстандын тарыхы» сабагы аркылуу студенттерди тарыхый фактылар жана баалуулуктар менен тааныштырып, улуттук аң-сезимди калыптандырууга багытталган мазмундуу сабак өткөрдү.

Бул ачык сабактар ПЦК мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн, билим берүүгө болгон жоопкерчилигин дагы бир жолу тастыктап, студенттерге дем берүүчү күчкө айланды. Билим берүүдөгү мыктылык – дал ушундай демилгелерден башталат.