1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

13

Экономика жана укук колледжинде жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана укук колледжинде жаштар жумалыгынын жыйынтыктоочу концерти салтанаттуу түрдө өттү. Иш-чараны колледждин директору А.А. Ташматова ачып берип, студенттерге ийгилик каалап, алардын чыгармачылык аракеттерине жогору баа берди.

Концерттин жүрүшүндө студенттер ар түрдүү ырларды аткарып, улуттук жана заманбап бийлерди тартуулашты. Залда майрамдык маанай өкүм сүрүп, көрүүчүлөр жаштардын талантына кол чаап кубаттап турушту.

Бул иш-чара жаштардын биримдигин чыңдап, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө болду. Жаштар жумалыгынын жыйынтык концерти студенттердин эсинде узакка сакталчу жагымдуу учурлардын бири катары белгиленди.