1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

11 месяцев назад

142

Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  экономика-юридикалык колледжинде КР Билим жана илим министрлигинин 2024-жылдын    8-январындагы №3/1 буйругуна ылайык , 2023-2027-жылдарга  КРнын  Министерлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү  программасын ишке ашыруу алкагында  ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Н.Осмонова студенттер үчүн жолугушуу уюштурду. Жолугушууга Жалал-Абад шаарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн инспектору, милициянын капитандары,  Кыдырова Самара жана Мавлянкулова Гульмира келди. Жолугушуунун максаты жаштар арасында экстремизмге жана терроризмге жол бербөө жана аларга каршы күрөшүү. Кыдырова Самара  студенттерге өлкөдөгү   экстремистик, террористик уюмдардын идеологиясына каршы алдын алуу мыйзамдуу иш-аракеттери,  тыюу салынган экстремистик, террористик диний агымдардын жасап жаткан иштери жана аларды КРсынын мыйзам алдында жооп берүүчү мыйзамдары жөнүндө маалымат берди. Жолугушуунун соңунда келген коноктор студенттерди жакшы окуп, үлгүлүү жүрүш-турушу менен өз өлкөсүнүн  патриоттору болууга чакырышты.