1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

12

Экономика жана укук колледжинде Студенттер күнүнө карата куттуктоо иш-чарасы өттү

17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү жыл сайын өзгөчө көңүл менен белгиленип келет. Бул майрамга байланыштуу Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматова, директордун мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча орун басары А.К. Курманбекова №1 жатаканада жашаган студенттер менен жолугушуп, аларды майрамы менен куттуктап, абалдарын билип келишти.

Жолугушууда колледж жетекчилиги студенттерге билимдеги жетишкендиктерди жогорулатууга, активдүү, жоопкерчиликтүү жана демилгелүү болууга чакырып, жатаканадагы шарттар менен таанышты. Ошондой эле студенттердин ой-пикирлерин угуп, алардын сунуш-тилектерин кабыл алышты.

Иш-чара жылуу маанайда өтүп, жаштарга мотивация жана майрамдык маанай тартуулады. Колледж жетекчилиги студенттерге ийгиликтүү окуу, жаңы жетишкендиктер жана жакшы маанай каалап өттү.