1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

14

Экономика жана укук колледжинде жумуш ордуна окутуу ийгиликтүү уланууда

Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучулары А.Ж. Айдарбекова жана З.М. Ахмедова студенттер менен биргеликте Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эсепканасына жумуш ордуна окутуу программасынын алкагында сабакка барышты.

Ишкана тарабынан эсепчилер Көчкөнбаева Сайракан жана башкы эсепчи Абдыкадыров Панарбек студенттерге эмгек ресурстарынын түзүлүшү, эмгекти уюштуруунун формалары жана кызматкерлердин категориялары жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Башкы эсепчи Абдыкадыров Панарбек мекемедеги кызматкерлердин категориялары – башкаруу, адистер жана жумушчулар – тууралуу түшүндүрүп, тийиштүү документтер аркылуу тизмени түзүү жолдорун практикалык түрдө көрсөтүп берди.

Эсепчи Көчкөнбаева Сайракан болсо эмгекти уюштуруунун формалары – жеке, бригадалык жана аралаш – тууралуу маалымат берип, алардын өзгөчөлүктөрүн салыштырып өттү.

Мындан тышкары студенттер эмгек ресурстары жана эмгекти уюштуруу боюнча документтер менен иштөө, кызматкерлерди категорияларга бөлүү сыяктуу багыттарда практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эсепканасында уюштурулган жумуш ордуна окутуу жогорку деңгээлде өтүп, студенттер баалуу тажрыйба жана практикалык билгичтиктерди алышты.