1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

7

«Жумуш ордуна окутуу: негизги каражаттарды эсепке алуу жана амортизациялоо»

            Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучулары            А.Ж. Айдарбекова жана Акылбек кызы В. студенттер менен Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасына жумуш ордуна окутууга барышты. Оорукананын экономист-бухгалтери Н.Ж. Токоматова студенттерге негизги каражаттардын классификациясы, баалоо жана амортизациялоо ыкмалары боюнча кыскача, бирок маанилүү маалымат берди.

         Ал негизги каражаттардын классификациясын (өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес), алардын баалоо ыкмаларын (баштапкы нарк, калыбына келтирүүчү нарк, калдык нарк) жана амортизациялоо ыкмаларын (түз сызыктык, төмөндөтүлгөн, өндүрүштүк ыкма) түшүндүрүп өттү.

          А.Ж. Айдарбекова «Бүгүнкү жумуш ордуна окутуунун максаты — теорияны практикага айкалыштырып, бухгалтердик эсеп процессинде көрүү болду. Суроолорду берип, алган билимиңерди тереңдетип алууга чакырам - деди».

Акылбек кызы Венера «Негизги каражаттарды башкаруу жана амортизациялоо — ар бир экономист үчүн маанилүү түшүнүк. Бүгүнкү практика сиздерге чыныгы иш процесси менен жакындан таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк берет - деди».

         Жумуш ордуна окутуу студенттердин теориялык билимин бекемдеп, негизги каражаттарды эсепке алуу жана амортизациялоо процессин практикалык мисалдар аркылуу түшүнүүгө чоң мүмкүнчүлүк берди.