1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

7

Экономика жана укук колледжинде жумуш ордуна окутуу ийгиликтүү жүргүзүлүүдө

        Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучулары      А.Ж. Айдарбекова, Акылбек кызы В. студенттер менен биргеликте Жалал-Абад электр тармактар ишканасына жумуш ордуна окутууга барышты. Ишкана тарабынан эсепчилер Ж.К. Апатаева жана Р.П. Хамраев студенттерге ишкананын уставы, резервдик фонду, уюштуруучу структурасы жана менчик каражаттарын эсепке алуу боюнча маалымат беришти.

         Ж.К. Апатаева ишкананын уставы — юридикалык жактын укуктук макамын, ишмердүүлүгүнүн багыттарын жана башкаруу тартибин аныктоочу негизги документ экенин белгиледи. Уставда ишкананын аталышы, ишмердүүлүк түрлөрү, башкаруу органдары жана мүлктү пайдалануу тартиби камтылары түшүндүрүлдү.

Резервдик фонд тууралуу маалыматта бул фонд ишкананын туруктуулугун камсыз кылуу, күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу жана финансылык тобокелдиктерди азайтуу үчүн түзүлөрү айтылды.

          Р.П. Хамраев уюштуруу структурасы боюнча ишкананын бөлүмдөрүнүн жана кызматкерлеринин өз ара байланышы, жетекчилик деңгээлдери жана милдеттердин бөлүштүрүлүшү туура түзүлгөндө иштин эффективдүүлүгү жогорулай турганын белгиледи.

         Мындан тышкары студенттер менчик каражаттарды эсепке алуу, активдердин түзүмүн талдоо жана капиталдын жетиштүүлүгүн баалоо боюнча практикалык маалымат алышты.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында уюштурулган жумуш ордуна окутуу жогорку деңгээлде өтүп, студенттер пайдалуу практикалык тажрыйбага ээ болушту.