1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

23

Тарыхый мурастарга жандуу сапар

2025-жылдын 18-ноябрында Экономика жана укук колледжинин УТк-01-25 жана УТк-2-24 тайпалары үчүн “Кыргызстандын тарыхы” сабагы жаңыча — жандуу форматта өттү. Окутуучу Амиракулова Зейнеп студенттерге тарыхты жакындан сезүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, ЖАМУнун музейинде практикалык сабак өткөрдү.

Сабак жумуш ордунда окутуу (ОРМ) алкагында уюштурулуп, студенттерди тарыхый жана маданий мурастар менен түз тааныштыруу максатын көздөдү. Экспонаттар менен реалдуу таанышуу, өлкө тарыхына болгон кызыгууну арттырып, студенттердин билимин тереңдетүүгө өбөлгө түздү.