1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

«Салык төлөөчүлөрдү каттоо жана кайра каттоо документтери»

Экономика жана укук колледжинин ССК-2-23 тайпасынын студенттери МСКнын Манас шаары боюнча башкармалыгынын Салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн Консультация жана түшүндүрүү секторунун башчысы Таштанбекова Гулжамал Акматалиевна жана сектордун башкы инспектору Дуйшеев Эламан Курстанбекович катышуусунда практикалык сабак өтүштү. Сабакта окуу жайдын окутуучулары Салибаева Г.П., Бекиева Г.К., Курстанбкова Б.К. да катышып, студенттердин билим алышына колдоо көрсөтүштү.

Сабактын темасы: «Салык төлөөчүлөрдү каттоо жана кайра каттоо документтери»

Сабактын максаты:

  • Салыктык каттоо жана кайра каттоо процессинин маанисин түшүндүрүү;
  • Тиешелүү документтердин түрлөрү, мазмуну жана колдонуу тартиби менен таанышуу;
  • Реалдуу мисалдар аркылуу студенттерге документтердин иш жүзүндөгү маанисин өздөштүрүү.

Студенттер практикалык мисалдар аркылуу салыктык документтерди туура толтурууну жана колдонуу тартибин үйрөнүшүп, теориялык билимди практика менен айкалыштыра алышты.

Бул сабак мамлекеттик башкаруу жана салыктык тармактагы негизги процесстерди терең түшүнүүгө жана профессионалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.