1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

11 месяцев назад

103

Дени сак эне, дени сак бала

 Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде  аялдар кеңешинин төрагасы Г.Самудинова       1-февраль күнү калктын репродуктивдик денсоолугун коргоо борборунан  келген врач, гинеколог Садырова Калича,  Бишкек шаарынан атайын Жалал-Абад шаарындагы кыз-келиндерди гинекологиялык жактан текшерүүгө келген медицина кызматкерлери, гинекологдору менен экономика –юридикалык колледжинини кыздары ортосунда жолугушууну  уюштурду.

Жолугушуунун максаты келечектеги энелердин ден-соолугун чыңдоо жана жатын моюнчасындагы жана көкүрөк безинин шишик ооруларын  алдын алууелген адистер жатын моюнчасындагы жана көкүрөк безинин шишик ооруларын алдын алуу жолдорун жана биздин  муунубуздун келечеги дени сак энеден көз каранды экендигин  айтып өттүЖолугушуунун жүрүшүндө Садырова Калича Жалал-Абад шаарында бир жума  бою кыз-келиндерди калктын репродуктивдик ден -соолугун коргоо борборунда гинекологиялык жактан текшерүү болоорун   белгиледи. Жолугушуу учурунда кыздар тарабынан берилеген кызыктуу суроолорго адистер жооп бериштиЖыйынтыгында колледждин кыздарына     бул жолугушуу  өтө пайдалуу жана маанилүү болгондугун Г.Самудинова  белгилеп, келген медицина кызматкерлерине  колледждин атынан ыраазычылыгын билдиришти.