1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

Экономика жана укук колледжинде академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматташтык жолугушуусу жана конок лекция өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинде академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында маанилүү иш-чаралар уюштурулду. Биринчи бөлүктө колледждин директору Айнагүл Акылбековна Ош мамлекеттик университетинин Ош индустриалдык-педагогикалык колледжинин өкүлдөрүн кабыл алып, окуу жайдын шарттары, окуу процессинин уюштурулушу жана материалдык-техникалык базасы менен тааныштырды. Ошондой эле эки тарап окуу пландарын талкуулап, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташтык багыттарын белгилешти.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Социалдык иш ПЦКсынын уюштуруусунда Ош индустриалдык-педагогикалык колледжинин социалдык иш циклынын окутуучусу Темирова Кызжибек Кудайбергеновна тарабынан конок лекция жүргүзүлдү. Лекцияга СРк-2-24 тайпасынын студенттери катышты.

Конок лекциялардын багыты жана темалары:

1. «Билим берүү мекемелериндеги социалдык иш тажрыйбалары»

Тема: Социалдашуу социалдык-педагогикалык кубулуш катары.

Лекциянын максаты: социалдашуу процессинин мазмунун, этаптарын жана социалдык-педагогикалык маанисин түшүндүрүү.

2. «Социалдык иштердин тарыхы жана теориясы»

Тема: Социалдык иштердин теориялык-методологиялык негиздери.

Лекциянын максаты: социалдык иштин тарыхый өнүгүүсү, теориялык моделдери жана методологиялык негиздери жөнүндө терең билим берүү.

Студенттер активдүү катышып, өздөрүнүн кызыккан суроолорун берип, конок окутуучу менен кесиптик диалог жүргүзүштү.

Жыйынтыгында студенттер эмнени үйрөнүштү:

социалдашуу процессинин коомдогу жана билим берүүдөгү ролун терең түшүнүштү;

социалдык иштин негизги теориялык моделдерин жана алардын практикалык маанисин өздөштүрүштү;

социалдык кызматкердин функциялары жана социалдык-педагогикалык ыкмалар тууралуу кеңири түшүнүк алышты;

теория менен практиканы айкалыштырууда аналитикалык жөндөмдөрү өнүктү;

социалдык иш адистигине болгон кызыгуу жана мотивациясы артты.