1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

87

Салык жана билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык көпүрөсү

       Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучулары Г. Бекиева, Г. Салибаева Б.Курстанбекова тарабынан 'Салык жана салык салуу' адистигинин негизги билим берүү программасын (НББП), бүтүрүүчүлөр моделин жана практиканын жумушчу программасын талкуулоо максатында Манас шаарына иш сапары уюштурулду. Жолугушуу мамлекеттик салык кызматынын кеңсесинде өтүп, ага мекеменин жетекчисинин орун басары С.Т. Исраилов, маалымат берүү жана түшүндүрүү секторунун жетекчиси Г.А. Таштанбекова жана башкы инспектор Э.К. Дүйшеев катышышты.

       Жолугушууда колледж менен салык кызматынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, окуу процессин өндүрүш менен айкалыштыруу жана студенттердин практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле, мекеме өкүлдөрү студенттердин практика учурундагы милдеттери жана талаптар тууралуу кеңири маалымат беришти.

       Мындай иш-чаралардын негизги максаты — билим берүү менен өндүрүш тармагынын ортосундагы байланыштарды бекемдөө, студенттерге реалдуу иш чөйрөсүн таанытуу жана окуунун сапатын жогорулатуу болуп саналат.