1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

64

«Экономика адистигинин студенттеринин өндүрүштүк практикасындагы тажрыйба, өз ара аракеттешүү жана санариптик координация»

       Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын 3-курсунда окуган каржы (тармактары боюнча), экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактары боюнча), салык жана салык салуу адистигинин студенттери 2025–2026-окуу жылына карата бекитилген окуу планынын талаптарына ылайык, шаардык жана региондордогу  түрдүү уюмдарда,  мекемелерде жана ишканаларда өндүрүштүк практика өтүшүүдө.

       Практиканын башкы максаты — студенттер алган теориялык билимдерин реалдуу иш-чөйрөдө бекемдеп, кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө шарт түзүү.

Практика учурундагы өз ара аракеттешүү

Практиканын жүрүшүндө өзгөчө көңүл студенттер менен практика жетекчилеринин үзгүлтүксүз өз ара аракеттешүүсүнө бурулат. ПЦК тарабынан методикалык жардамдар уюштурулуп, анда:

·          Практика учурунда студенттер туш болгон актуалдуу маселелер талкууланат;

·         Иштин жүрүшүн жакшыртуу боюнча сунуштар берилет;

·         Кесиптик маселелерди чечүү жолдору жана практикалык тапшырмалар каралат.

       Практика жетекчилери студенттерге ар тараптуу көмөк көрсөтүп, алардын ишти туура жүргүзүүсүнө көзөмөл жүргүзүп, керектүү кесиптик көндүмдөрдүн калыптанышына активдүү шарт түзүшөт.

Алыскы аймактардагы студенттер менен байланыш

Алыскы райондордогу уюмдарга практикага бөлүнгөн студенттер жетекчилери менен онлайн режиминде үзгүлтүксүз байланышып турушат. Мындай байланыш WhatsApp, Telegram сыяктуу санариптик платформалар аркылуу жүргүзүлүп, төмөнкү артыкчылыктарды камсыздайт:

·          Ыкчам пикир алмашуу;

·         Тапшырмалардын өз убагында аткарылышын координациялоо;

·         Студенттин географиялык жайгашуусунан көз каранды болбостон практиканын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоо.

Өндүрүштүк практика студенттердин билим алуу процессинин маанилүү бөлүгү болуп саналат жана аларды квалификациялуу адис катары даярдоодо чоң рол ойнойт.