1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

Ата-энелер жыйыны жөнүндө маалымат

2025-жылдын 13-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинин Экономика бөлүмүнүн ПЦКсында окуу жай менен ата-энелер ортосундагы байланыштарды чыңдоо максатында ата-энелер жыйыны болуп өттү.

     Жыйынды колледждин директору А. А. Ташматова ачып, келген ата-энелерге ыраазычылык билдирди. Ал колледжде жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берип, ата-энелерди балдарын ар тараптан көзөмөлдөп, окуу жай менен тыгыз байланышта болууга чакырды.

     Социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары А. К. Курманбекова сөз сүйлөп, студенттердин тарбиясы, социалдык абалы, коомдогу шылуундук көрүнүштөрдөн балдарды сактоо жана алдын алуу маселелерине токтолду.

      Экономика ПЦКсынын төрайымы З. М. Ахмедова студенттердин окуудагы жетишкендиктери, сынактарга жана коомдук иштерге катышуусу, кошумча ийримдерге баруусу тууралуу маалымат берди. Ошондой эле студенттердин сабакка катышуусу жана тартиби боюнча ата-энелерди көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

     Практика жетекчиси А. К. Калмурзаева AVN системасы, катышуу жана жетишүү упайлары, модулдук баалоо, окуу акы жана практика өтүү учурундагы көйгөйлөр тууралуу кеңири маалымат берип, ата-энелердин суроолоруна жооп берди.

      Жыйынга ПЦКнын окутуучулары жана кураторлору — А. Ж. Айдарбекова, Э.  Кадырова, Акылбек К. В., Г. Салибаева, З. Иркеева, Б. Курстанбекова, С. Аширбаева катышышты.

       Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелер кызыккан суроолоруна жооп алып, колледж жана кийинки билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Иш-чара кызыктуу маанайда өтүп, колледж менен тыгыз кызматташып келген жана студенттердин жетишкендиктерине салым кошкон ата-энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды.

Жыйынтыгында анкета толтурулуп, ата-энелер мугалимдерге ыраазычылыктарын билдиришти. Жалпысынан жыйын жемиштүү болуп, мугалимдер менен ата-энелер эки тараптуу аракеттенүү окуу жана тарбия процессинде жакшы натыйжа берерин белгилешти.