1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

60

1

«Илим жана инновация жолунда: Экономика жана укук колледжинин Токтомаматов окууларына катышуусу»

Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында К.Ш. Токтомататов атындагы Эл аралык университетте VI Токтомаматов окууларынын алкагында “Санариптик өзгөрүүлөр жана адам капиталы: келечеги жана заман чакырыктары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш-чарада заманбап технологиялардын өнүгүүсү, санариптик экономика, билим берүү, ишкердик жана коомдук өнүгүүдө адам капиталынын ролу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Конференциянын максаты — илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бөлүшүү, билим берүү менен өндүрүш тармактарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана жаш изилдөөчүлөрдү колдоо болуп саналат. Экономика жана укук колледжинин аспирант-окутуучулары илимий жетекчиси А.Б. Карбекованын жетекчилиги алдында өздөрүнүн изилдөө иштери менен активдүү катышышты. Алар төмөнкү темалардагы баяндамаларды жасашты:      Э. Кадырова – «Кыргызстандагы ишкердик ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсү»;      А. Калмурзаева – «Миграция жана жумушсуздук», ошондой эле «Жасалма интеллект» ;     А. Курманбекова – «Кыргызстандагы санариптик өнүгүүнүн ролуна баа берүү»;      Б. Курстанбекова – «Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоонун таасири»;      С. Эсенова – «Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүдө санариптик технологиялардын ролу» темалары боюнча.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз изилдөөлөрүн тааныштырып, пикир алмашуу жана кесиптик тажрыйба бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Конференциянын уюштуруучулары ар бир катышуучуга сертификаттарды тапшырды. Ал эми илимий баяндамалардын жыйынтыгында мыкты презентациясы жана терең илимий талдоосу үчүн А. Калмурзаева II даражадагы диплом менен сыйланды. Бул жетишкендик колледж жамаатынын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусунун, ошондой эле жаш изилдөөчүлөрдү колдоо жана өнүктүрүүгө жасалган аракеттердин жемиши болуп эсептелет.