1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

78

Өндүрүштүк ишкана менен кызматташтык

Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучусу А.Айдарбекова тарабынан 2025-жылдын ноябрь айында Манас шаарынын Жалал-Абад областтык электр тармактар ишканасына (Жалал-Абад ЖЭТ) иш сапары уюштурулду. Иш сапардын негизги максаты – «Экономика» жана «Бухгалтердик эсеп» адистиктеринин Негизги билим берүү программасын (НББП), бүтүрүүчүлөрдүн моделин, ошондой эле өндүрүштүк жана диплом алдындагы практиканын жумушчу программасын талкуулоо жана өркүндөтүү  болду.       Жолугушууга ишкананын жетекчилиги, башкы эсепчиси жана бухгалтердик кызматтын өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө колледж менен өндүрүштүк ишкананын ортосундагы байланыштарды чыңдоо, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана билим берүү программаларын эмгек рыногунун талабына ылайыкташтыруу маселелери талкууланды.        ЖЭТ ишканасынын өкүлдөрү  бүгүнкү күндө өндүрүш тармагында эмгекке жөндөмдүү, заманбап бухгалтердик технологияларды өздөштүргөн, аналитикалык ой жүгүртүүгө ээ жаш адистерге болгон суроо-талап жогору экендигин белгилешти. Алар колледж тарабынан даярдалып жаткан бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик деңгээлине жана практикалык даярдыгына кызыгуу менен баа беришти.        Өз кезегинде, окутуучу А. Айдарбекова өндүрүштүк практика учурунда студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу маанилүүлүгүн белгилеп, ишкана өкүлдөрүнө кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле студенттердин практикалык тажрыйбасын арттыруу жана бүтүрүүчүлөрдүн моделин өркүндөтүү боюнча сунуш-пикирлерди угуп, аларды окуу процессине киргизүү боюнча пландар менен бөлүштү.       Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу, студенттер үчүн өндүрүштүк практикаларды уюштуруу жана реалдуу иш тажрыйбасына багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга келишти.