1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

57

ЭКОНОМИКА ЖАНА УКУК КОЛЛЕДЖИНДЕ АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Экономика жана укук колледжинде 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата мааниси терең, салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чараны ЭУКтун директору, Айнагуль Акылбековна, ачып берди. Директор өз сөзүндө кыргыз элинин тарыхый жолуна, улуттук биримдикти сактоого жана эгемендүүлүк үчүн курман болгон ата-бабалардын эрдигин баалоого өзгөчө токтолду. Ал бул күн жөн гана эскерүү эмес, ошондой эле жаш муунга мекенчилдикти жана жоопкерчиликти сиңирүүчү маанилүү сабак экендигин белгиледи. Салтанаттуу иш-чарага колледждин бүткүл окутуучулук курамы толугу менен катышты. Окутуучулар өз тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүп, студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырууга салым кошушту. Окутуучулардын активдүү катышуусу иш-чаранын академиялык жана тарбиялык деңгээлин жогорулатты. ЭУКта өткөн бул иш-чара студенттерге терең билим берүү менен бирге, алардын улуттук аң-сезимин жана патриоттук сезимдерин өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү иш-чаралардын бири болду. Колледж жетекчилиги жана окутуучулар жамааты тарыхый мурасты сактоо миссиясын мындан ары да улантарын билдиришти.